Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Волгограддагы чабуул үчүн жоопкерчиликти исламчыл топ өзүнө алды


Өткөн айда Орусиянын Волгоград шаарында 34 кишинин өмүрүн алган кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти исламчыл топ өзүнө алды. Интернетте коюлган видеосунда «Дагестан вилаяты» деп аталган уюшма ошондой эле Сочиде келерки айда өтө турган Кышкы олимпия оюндарында да жардыруу уюштурабыз деп эскертти. Видео тасмада АКШда жайгашкан ЭсАйТи көзөмөл кызматы Волгоград жардыруусун ишке ашырган деп мүнөздөгөн эки эркектин бири «биз силерге жана келе турган туристтерге белек камдап койдук» деп айтат. Аталган кызмат буларды Сулейман жана Абдул Рахмат деп аныктаган. Экөө Волгоградда Дагестанда жайгашкан топтун атынан аракеттенген деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG