Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Кличко видео билдирүү жасады


Украинада президент Янукович оппозиция менен сүйлөшүү ниетин билдиргенден кийин, оппозиция лидери Виталий Кличко элге кайрылуу жасады:

– Бул өкмөт Украин элине каршы согуш жарыялады, кесепети абдан жаман болуп жатат. Мен бардык жарандарды жана мекенчилдерди биздин өлкөнү жана биздин келечекти коргоого чакырам. Кайдыгер эместер бүгүн Киевдин борбордук аянты - Майданда болушу керек. Бул өкмөт бүт өлкөдөн согуша тургандарды жыйнап жатат. Бирок биз көппүз жана биз ынтымакта болобуз. Машинаңарга мингиле, такси кармагыла, автобуска түшкүлө. Янукович эмес, Украина жеңгидей болсун, силер ушуга керексиңер.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкевич Украинага каршы Европа Биримдиги санкция киргизиши мүмкүн экендигин билдирди. Кечээ Киевдеги кагылыштарда 200дөй киши жараат алган эле.

XS
SM
MD
LG