Кыргызстан Тынч океанында жайгашкан Соломон аралдары менен дипломатиялык алака түзөт. Кыргызстандан 10 миң 363 миң чакырым алыс расмий Хониара менен алака түзүү тууралуу расмий билдирүүгө (коммюнике) президент Алмазбек Атамбеков 8-январда кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Соломон аралдары – 1978-жылы Британиядан көз карандысыздык жарыялаган, калкы 523 миң мамлекет.
Аны менен бирге Африканын чыгышындагы Уганда менен дипломатиялык алака түзүү документине да 8-январда кол коюлду. Кыргызстандан 6305 километр алыс расмий Кампала 1962-жылы Британ Падышалыгынан көз карандысыздык алган жана Уганданы 36 миллион калк байырлайт.
Коммюникеге ылайык, батыш Африкадагы Нигер менен да дипломатиялык мамиле түзүлөт. Расмий Ниамей Бишкектен 7564 чакырым алыс жана 17 миллион калкы бар Нигер Франциядан 1960-жылы эгемендик жарыялаган.
Кыргызстандын Тынчтык мухит аймагында жана Африка чөлкөмүндө элчилиги жок. Тынч мухит аймагынын Австралия жана Жаңы Зеландия мамлекеттеринде жана Африканын түндүгүндө, Түштүк Суданда, Мозамбикте, Түштүк Африкада, Либерияда, Суданда жана Танзанияда кыргызстандыктар бар экени маалым. (BAz)