Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

БУУ Иранга жөнөтүлгөн чакырууну кайтарып алды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия боюнча Женевада өткөрүлө турган экинчи конференцияга катышуу үчүн Иранга жиберилген чакырууну кайра артка кайтарып алды. Пан Ги Мундун айтымында, ал чакырууну Ирандын тышкы иштер министри Сирияда Башар Асад катышпаган өткөөл өкмөт түзүүгө макулдугун бергенден кийин жиберген эле. Бирок Ирандын БУУдагы элчиси ал шартты Тегеран кабыл албашын билдирген. Пан Ги Мун Тегерандын позициясын түшүнбөй калганын айтып чыкты.

Сириядагы Батыш колдогон оппозициялык күчтөр да эгерде Женева конференциясына Иран катыша турган болсо, анда алар катышпай турганын билдиришкен. Вашингтон Пан Ги Мундун Иран боюнча акыркы чечимин колдоого алып, конференциянын катышуучулары натыйжага жетишүү үчүн аракет жасарына үмүт арткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG