Бул тууралуу кеңештин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Быйылкы жылдын ичинде биринчи жолу өткөрүлө турган жыйында Сотторду тандоо кеңешиндеги алты жумушчу топтун иштери талкууланат. Жумушчу топтор реформа жүргүзүү, судьялыкка талапкерлерди тандоонун усулдарын жакшыртуу жана башка багыттар боюнча иш жүргүзөт. (AiT)