Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 20-январда өткөргөн кеңешмеге күч структураларынын жетекчилери, вице-премьер-министр Токон Мамытов, Коргоо кеңешинин катчысы Бейшебай Жунусов катышты. Анда Алмазбек Атамбаев 2017-жылга чейин Куралдуу күчтөрдү реформалоо Улуттук стратегиянын негизги милдеттеринин бири экенин атады. Реформанын жүрүшүндө Башкы штабды түзүү жана аскерди жаңыдан куралдандыруу ишке ашыш керек. (AiT)