Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Бала бакчаларды каржылоону өзгөртүү сунушталууда


Кыргызстанда мамлекеттик бала бакчаларды каржылоо системасын өзгөртүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынан депутаты Карамат Орозова иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, бюджеттен бөлүнгөн акчаны баланы тарбиялоо жана окутууга гана жумшоо сунушталып жатат. Ошондо ата-эне ай сайын төлөй турган акча 1100 сомдун тегерегинде болот. Депутаттын пикиринде, жаңы система бала бакчалардын санын көбөйтүп, бакчага барган балдардын жалпы санын азыркыдан дээрлик 10%га жогорулатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда бала бакчалардын саны өтө эле жетишсиз. Мектепке чейинки курактагы балдардын 13 гана пайызы бакчага барат. (RK)

XS
SM
MD
LG