Ташкент шаарында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, жыйынтыгында буга чейин, тагыраак айтканда 2006-жылдан бери такталган аймактарды бекитүү тууралуу келишимдин долбоору иштелип чыкты.
Комиссиянын кийинки жыйыны Жалал-Абад шаарында өтөт. (BkA/RK)
Комиссиянын кийинки жыйыны Жалал-Абад шаарында өтөт. (BkA/RK)