Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:21

Лавров: Иранды чакырбоо жаңылыштык


Улуттар уюмунун Иранды “Женева-2” конференциясына чакыруусун жокко чыгарганы “жаңылыштык”, бирок “катастрофа эмес”. Бул жөнүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-январда Москвадагы маалымат жыйынында билдирип: “Ирандын жок болуусу Мусулман дүйнөсүнүн биримдигине жетишүү, ошондой эле баарыбызга жана бардык мусулмандарга коркунуч жараткан терроризмге каршы согуштагы аракеттерге салым кошпойт,”- деди. Лавров бул БУУга аброй кошпойт деп да кошумчалады.

19-январда БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун билдиришинче, Тегеран Сириянын курамында президент Башар Асад жок өткөөл өкмөттү түзүүнү колдойбуз деп кепилдик берген соң, Иранды Швейцарияда 22-январда ачылчу жыйынга чакырган. Бирок, эртеси күнү Иран шарт коюлган сүйлөшүүгө катыша албасын айтканда, Пан чакыруусун жокко чыгарган. Иранды "Женева" конференциясына чакыруу АКШнын кыжырын келтирген, Батыш колдогон Сирия оппозициясы сүйлөшүүгө бойкот жарыялайбыз деп коркуткан.

XS
SM
MD
LG