Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада 21-январда өткөн пресс-конференцияда сүйлөп: “Ар бир өлкөнүн, анын ичинде Украинанын ички иши диалог аркылуу, Конституциянын жана мыйзамдын алкагында, эч кандай тышкы кийлигишүүсүз чечилиши керек деген ишенимдебиз,”- деди.
Ал аты аталбаган Европа өкмөттөрүн Украинадагы кризиске "башын тыгууда" деп сындады жана полицияга каршы чабуулдарды "бир да европалык стандартка сыйбаган көрүнүш" деп атады.
Киевде бүгүн да демонстранттар менен полициянын жөөлөшү уланууда. Президент Виктор Янукович 20-январда оппозицияны диалогго жана мунасага чакырды. Үндөөгө оппозиция жалпы украиналыктарды Киевдеги каршылык акцияга кошулууга чакырып жооп берди. Парламент Киевдин ортосундагы массалык жыйындарды өткөргөнгө тыюу салгандын эртеси: ишемби-жекшемби күндөрү тынч нааразылык акция өткөргөндөр полиция менен ачык тирешүүгө өткөн.
Нааразылык акциялары Януковичтин ноябрда, Евробиримдик менен эркин соода келишимин түзүүдөн баш тартып, Москвадан 15 миллиард долларлык кредит алгандан бери уланууда.