Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы түркчө басылып чыкты


Качкынбай Артыкбаевдин "XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы" китеби түрк тилинде басылып чыкты. Аны окумуштуу Майрамкүл Дыйканбаева которгон. Китепте 20-кылымдагы кыргыз адабияты, акын-жазуучулары жана алардын чыгармалары тууралуу кенен маалымат берилген. Китеп Анкара шаарында басылып чыкты. Майрамкүл Дыйканбаева Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетинде эмгектенет.

Белгилүү адабиятчы, окумуштуу, сынчы Качкынбай Артыкбаевдин бул китеби алгач кыргыз тилинде Бишкекте 2004-жылы жарык көргөн. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG