Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

КТРКда “Маданият” телеканалы ачылууда


Коомдук телеканалда "Маданият" каналы ачылууда. Ал 2-апрелден тарта иштей баштайт. КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев билдиргендей, "Маданият” каналынын негизги мазмуну өлкөдөгү маданий баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого багытталат. Музыка, искусство, адабият, маданий ар түрдүүлүк, агартуучулук, улуттук каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүү, атуулдукка тарбиялоо жана идеологияны өнүктүрүү темасын камтыган берүүлөр көрсөтүлөт.

“Маданият” КТРКнын курамындагы төртүнчү телеканал болмокчу. Учурда КТРКнын алдында "Коомдук биринчи канал", "Баластан" жана "Музыка" каналдары иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG