Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

АКШ Сочи олимпиадасын коопсуз өткөргөнгө көмөктөшүүгө даяр


Пентагон Сочидеги Кышкы олимпиада оюндарынын коопсуздугун камсыздоодо Орусия өкмөтүнө кеңири колдоо сунуш кылды. Пентагондун маалымат катчысы, контр-адмирал Жон Кирби 20-январда кабарчыларга билдиришинче, Орусия жардам зарыл десе, АКШнын региондогу аскерий командачылыгы тийиштүү пландоо жана даярдык иштерин жүргүзөт.

Кирби "Кара деңиздеги эки кеме өтүнүч болсо, Орусия тарап менен кеңешип, көмөктөшө алат" деп кошумчалады жана азырынча андай сураныч болбогонун белгиледи.

Түндүк Кавказдагы ислам согушчандары 6-23-февралда болчу Сочи олимпиадасын үзүлтүккө учаратуу үчүн террордук чабуулдарды жасалат деп коркуткан. Декабрда Волгоград шаарында болгон удаа-удаа бомба чабуулунан 34 адам набыт болгон. Ислам согушчандары эки чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG