Пакистан бийликтеринин кабарлашынча, 21-январда Ирандан кайтып келе жаткан шиит зыяратчылар түшкөн автобус жолго коюлган минага кабылып, кеминде 22 адам өлдү. Кандуу окуя Түштүк Батыштагы Белужистан провинциясынын байтакты Кветта шаарынын сыртында болду. Расмий маалыматта дагы 20дан ашык адам жарадар болгону жана автобус күзөтүүдө баратканы айтылат.
Иран жана Ооганстан менен чек аралаш Белужистан провинциясында ислам согушчандары, суннит экстремисттери жана белуж жикчилери өтө активдүү. Пакистандын калкынын көбү сунниттер, шииттер өлкөдө азычылыкты түзөт.