Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Украинада “чагымчыл” күчтөргө каршы күч колдонулат


Бул тууралуу украин өкмөт башчысы Николай Азаров билдирди. Орусиянын "24 Вести" телеканалына берген интервьюсунда Азаров нааразылык акциясына чыккандар менен полициянын ортосундагы кагылышууга мына ушундай кырдаалды түзгөн “оппозиция лидерлери жооп берет” деп билдирди. Ал ошондой эле өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилбесин белгиледи:

- Өзгөчө кырдаалдар абалды жөнгө салуунун башка чаралары калбаганда киргизилет. Киевдеги кырдаал болсо өзгөчө кырдаалдар киргизүүнү талап кылбайт. Бул жерде теория жүзүндө да өзгөчө кырдаалдар киргизүүгө жакын абал түзүлгөн эмес.

Украинада жекшемби, дүйшөмбү күндөрү кагылышуулар орун алып, андан 200дөн ашуун киши жаракат алды. Оппозиция лидерлери менен бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүүгө аракет жасоодо. Бирок президент Виктор Януковичтин сүйлөшүүгө катышпаганы, оппозициянын нааразылыгын жаратууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG