Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Бажы биримдигине каршы акция тоскоолдукка кабылды


Бишкекте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы акциянын катышуучуларына милиция тоскоолдук кылууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири Атыр Абдрахматова билдирди. Анын айтымында, митингчилер тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок жана бүгүн акция өтөөрү тууралуу маалымдама тиешелүү мекемелерге алдын ала жөнөтүлгөн.

Акцияны “Реформа” саясий партиясынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү Курманжан датканын эстелигинин алдында уюштурууда. Алар Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен эгемендүүлүгүн жогото баштайт деп эсептейт.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча чечим кабыл алган. Биримдикке кирүүнүн шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктай турган “жол картасын” кабыл алуу март айына белгиленген. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG