Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Энергетикадагы коррупциянын түрлөрү аныкталды


Кыргызстандын энергетика тармагындагы коррупциянын негизги түрлөрү аныкталды. Алар жетөө экенин бүгүн Энергетика жана өнөр жай министрлиги жарыялап чыкты. Аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, негизинен коррупциялык иштер энергокомпанияларды башкарууда, энергияны сатууда, товар сатып алып, тейлеп, оңдоодо, лицензиялап, тариф түзүүдө, электр энергиясын экспорттоодо жана көмүр менен камсыз кылууда көп жасалат.

Министрлик бул көрүнүштөрдү жоюу үчүн 52 конкреттүү чара иштеп чыкканын айтууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG