Бишкек шаарында Кыргызстандын Бажы биримдигине каршылардын акциясы өтүп жатат. Алгач уюштуруучулар аларга милиция тарабынан тоскоолдук болуп жатканын билдирген. Бирок азыр иш-чара өз нугунда өтүүдө. Тартип коргоо кызматкерлери акцияга сырттан көз салып турат.
Кабарчыбыздын айтымында, Курманжан датканын эстелигинин алдында жүздөй киши чогулуп турат. Акциянын уюштуруучулары эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кире турган болсо баалар орто эсеп менен 25-30% кымбаттарын, бул кадам өлкөнүн эгемендигине шек келтирээрин айтууда.
Нааразылык акциясын "Реформа" партиясы жарандык коом активисттери менен бирге уюштурууда. Учурда Бажы биримдигине Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Ага кошулуу же кошулбоо тууралуу серепчилер арасында бирдей пикир жок. Бирок Кыргызстан кошулуш керек деген саясый чечимин жарыялап койгон. (KE/RK)