Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

Украинада полиция тосмолорду бузуп, демонстранттарды кубалады



Киевде полиция кандуу кагылыштар болгон жайдагы тосмолорго чабуул жасап, демонстранттарды кубалады. Бирок көчөлөрдө кагылыштар уланууда. Демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган шишелерди ыргытышса, тартип коргоочулар ачуу газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонуп жатышат. Бүгүн эртеден ок жаңылып эки демонстрант набыт болгону тастыкталды. Активисттер экөөнү полиция атты деп жатышат, бирок ички иштер министрлиги полиция «кадимки ок» колдонбогонун айтууда. Оппозиция лидери Арсений Яценюк твиттерде президент Виктор Янукович аны дагы эки киши менен бүгүн түштөн кийин сүйлөшүүгө чакырганын жазды.

XS
SM
MD
LG