21-январда Баялинов атындагы республикалык балдар китепканасындагы Америка борборунда Мартин Лютер Кингдин атактуу сөзүнүн 50 жылдыгынын урматына уюштурулган "Менин бир кыялым..." сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. "Азаттык" АКШ элчилиги менен биргелешип уюштурган бул сынак былтыр 28-августтан 28-октябрга чейин кыргыз, англис, орус тилдеринде өткөн. (Кыргызстандагы АКШ элчилигинин сүрөттөрү)
iDream сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

1
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен (солдо), "Азаттыктын" Бишкек бюросунун директору Султан Каназаров (оңдо) жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири Тынымгүл Эшиева.

2
Көркөм окуу боюнча англис тилиндеги сынактын жеңүүчүсү Никита Меньшов.

3
Көркөм окуу боюнча кыргыз тилиндеги "Менин бир кыялым..." сынагынын жеңүүчүсү Өндүрүш Токтонасыров.

4
Элчи Памела Спратлен эссе боюнча орус тилиндеги сынактын жеңүүчүсү Валентине Житеневага сыйлык тапшырууда.

5
Америкадан келген Gospel тобу аземдин көркүн ачты.

6
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап жатат.

7

8
Аземди көргөнү келгендер көп болду.