Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Белгилүү журналист Украинадан чыгып кетти


Украиналык белгилүү журналист, "Азаттыктын" Украинадагы кабарчысы өлкөдөн чыгып кеткени маалым болду. Акыркы күндөрү жаманатты кылуу өнөктүгүнө дуушар болгон Виталий Портников бүгүн Украин бийликтери өзүн өлтүрүүнү көздөгөнү тууралуу Орусиядагы ишенимдүү булактардан билгенден кийин Украинадан кеткендигин бышыктады. ТВ Ай телеканалын жетектеген Портников мунун алдында Фейсбукта дүйшөмбү күнү анын үйүнө үч киши кирүүгө аракеттенгенин жазган эле. Анын жеке турмушунан мыйзамсыз тартылган видео тасма өткөн айда интернетке чыгып кеткен. Ал эми ушул айдын башында аны коркуткан жарнактарды көтөргөн 50дөй киши Киевдеги батирин пикеттеген эле.

Портников президент Янукович Европа Биримдиги менен жакындашуу келишимине кол коюдан баш тарткандан кийин түзүлгөн коомдук Евромайдан комитетинин мүчөсү. Кечээ дагы бир белгилүү журналист Игор Луценко дайынсыз жоголуп, 15 сааттан кийин кайра табылды. Өз билдирүүсүндө Луценко аны Киевдеги ооруканадан 10 киши күчкө салып алып чыгып, токойдо үч жолу өмүрү менен коштотууга мажбурлап, анан коё беришкенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG