Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Евробиримдик Украинага чара көрүшү мүмкүн экенин эскертти


Соңку кабарларга караганда, Киевде президент Виктор Янукович оппозициянын жетекчилери Арсений Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок менен кризисти талкуулады. Ал арада полиция соңку кагылыштар болгон жайдагы тосмолорду түрттүрүп, демонстранттарды кубалады.

Буга чейин Киевде полиция менен кагылышта үч киши набыт болуп, алардын экөө окко учканы кабарланган. Бүгүн көчөлөрдө кагылыштар уланды. Ал арада Европа комиссиясынын президенти Жозе Мануэл Бароззу зордукчулук күч алса, анын кесепеттери болорун эскертти:

Биз Украинада болуп жаткан окуяларга баарыбыз тынчсызданып жатабыз. Кырдаалга жакындан көз салып, ошол эле убакта, Европа биримдиги кандай чара көрөт, Украина менен мамилебизге кандай кесепети тиет деп ойлонуп жатабыз.

Бүгүн полиция тосмолорду сүрдүрүү үчүн ачуу газ, желим ок, союл, чопкуттуу унаа колдонду.

XS
SM
MD
LG