Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Украинада дарыгерлер үчүнчү өлүм тууралуу маалыматты четке какты


Бүгүн Украинада үч киши өлгөн делген кагылыштардан кийин президент Янукович оппозиция менен жолукту. Киевде президент оппозициянын жетекчилери Арсений Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок менен кризисти талкуулады. Ал арада полиция соңку кагылыштар болгон жайдагы тосмолорду түрттүрүп, демонстранттарды кубалады.

Буга чейин Киевде полиция менен кагылышта үч киши набыт болуп, алардын экөө окко учканы кабарланган. Бүгүн Киев шаардык саламаттык бөлүмүнүн жетекчиси жана дарыгер үчүнчү киши кагылыштар болуп жаткан жерде бийик имараттан кулап өлдү деген маалыматты четке кагышты.

Европа Комиссиясынын жетекчилиги Украинада зомбулук токтобосо, өлкөгө карата чара колдонулушу мүмкүн экендигин эскерти. Бүгүн полиция ачуу газ, желим ок, союл, тосмолорду сүрдүрүү үчүн чопкуттуу унааны колдонду.

XS
SM
MD
LG