Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Дамин: Ички авиарейстерге билет миң сомдон ашпоосу керек


"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын АН–24 учагы Жалал-Абад аэропортунда, 7-март 2010-ж.
"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын АН–24 учагы Жалал-Абад аэропортунда, 7-март 2010-ж.
Кыргызстандык "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын башкы директору Карим Дамин Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында ички каттамдарды аткарууга өкмөттөн жардам сурады.

Авиаишкананын жетекчисинин айтымында, мисалы, Бишкек – Баткен рейсине жол кире миң сомдон жогору болбоосу керек. Бирок ал баалар чыгашаны жапканга да жетпегенин баса белгиледи. Дамин жергиликтүү авиаишканалар үчүн өлкөнүн булуң-бурчуна учуу өзгөчө мааниге ээ болуш керектигин эскертти.

Ал эми аталган комитеттин төрагасы Жусупали Исаев өлкөнүн батышындагы Исфана аба майданын оңдоо маселесин көтөрдү. Учурда Исфанага Бишкектен аптасына төрт ирет самолет учат. Бир тарапка жол киреси – 3847 сом.

Лейлектеги жана Жалал-Абаддагы аэропортторду 2014-жылы калыбына келтирүү тапшырмасы өлкөнүн өкмөтүнө берилди. Кошумчалай кетчү нерсе, былтыр аталган аба майдандарды жана Баткен аэропортун оңдоого 286 миллион сом каражат бөлүнгөн.

Жыйын учурунда коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда учак жол кирелери арзан экени маалымдалды. Андай болгону менен учуп-конуу тилкелеринин абалы жана кыргыз авиаишканаларынын төмөн атаандаштык дарамети башкы көйгөйлөрдүн бири экени кабарланды.

Республикада болгону төрт ички авиакаттам иштейт. 18 авиакомпания катоодон өткөн. Өлкө боюнча 86 авиаобъекттин тогузу гана учактарды кабыл алууга жарамдуу. (BAz)

XS
SM
MD
LG