Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:19

Кумтөр келишиминин түзөтүлгөн варианты Жогорку Кеңешке түштү


Бул тууралуу парламенттин отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, келишим олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инктин” Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишими өткөн жылы декабрда парламентке жөнөтүлүп, бирок келишимдин котормолорунда жана стилистикасындагы кемчиликтерге байланыштуу өкмөткө кайра чакыртылып алынган эле.

Комитет келишимдин түзөтүлгөн варианттын келерки жумада карарын Рыспаев белгилеп кетти. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы аны 24-январда кароону күн тартибине киргизди. Бул фракция биргелешкен ишканада 50 пайыздан үлүш бөлүшүүгө каршы чыгып келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG