Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Мектепте тамактануу программасы талкууланды


Бишкекте Кыргызстандын мектептеринде балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча мамлекеттик программанын долбоору талкууланды. Аны Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан. Талкууга республиканын бардык аймактарынан келген билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Буга чейинки талкуулар учурунда министрликтерден жана эл аралык уюмдардан элүүдөн ашуун сунуш келип түшкөн.

Концепциянын максаты - мектепте окуучунун рационалдуу тамактануусун уюштуруу. Бул боюнча программа 2022-жылга чейин эсептелген. Алгач аны ишке ашырууга донорлордун жардамы пайдаланылат. Ал эми андан кийин мамлекет бул ишти өз колуна алышы керек болот. Доктурлардын айтымында, мектеп окуучуларынын көбү туура эмес жана жетишсиз тамактангандыктан каны аз, мээсинин жана физиологиялык өнүгүүсү жетишсиз болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG