Кыргызстандын министрлик жана башка мекемелеринде түзүлгөн Коомдук байкоочу кеңештерге күчтүү эксперттер керек болууда. Бул тууралуу бүгүн экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте өтүп жаткан эл аралык жыйында айтты. Байкоочу кеңештердин ишин талкуулоо боюнча бул жыйынды Отунбаеванын фонду уюштурууда. Ага парламент, өкмөт мүчөлөрү, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элчилер, чет мамлекеттерден келген адистер катышууда.
Роза Отунбаева өз сөзүндө Байкоочу кеңештер мамлекеттик органдардын коом үчүн ачык болушуна салым кошуп жатканын айтты.
Байкоочу кеңештер Роза Отунбаева президент болуп турганда министрликтердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Алардын курамына ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кирген. Бирок кийин алардын иши солгундап, айрым министрликтердин Байкоочу кеңештери таркап кеткен. (AzK/RK)