Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

Туризмдин кирешелүү багыттары талдоого алынат


Кыргызстанда туризмдин негизги, кирешелүү багыттары кайсылар экенин аныктоо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Туризм департаментинен кабарлашты. Кечээ ушул маселе талкууланган жыйында Кыргызстандагы тоо, экологиялык жана лыжа туризми боюнча деталдуу информация жок экени, кайсы өлкөлөрдө сыртка чыгып саякаттоону каалагандар көп болуп жатканын талдап, ошол багыттаа иштөө керектиги айтылды. Жумушчу топтун курамына Туризм департаментинин, Чек ара кызматынын, Статистика комитетинин, туристтик ассоциациялардын жана бир топ мекемелердин өкүлдөрү кирди.

Адатта жыл сайын жайында Ысык-Көлгө Орусия жана Казакстандан киши көп келет. Ошону менен катар соңку жылдары экотуризмге, Кыргызстандын таза тоо, сууларына кызыккандар көп келе баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG