Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Сочи олимпиадасына Кыргызстандан бир гана спортчу катышат


Сочи олимпиадасына Кыргызстандан бир гана спортчу, тоо лыжасы боюнча спорт чебери Дмитрий Трелевский катышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов билдирди.

Бүгүн Дмитрий Трелевский кезектеги эл аралык турнирден Бишкекке кайтып келди. Сочиге жолдомо алган спорт чебери эки жыл аралыгында дүйнө кубогунун мелдештерине катышып, олимпиадага жеткидей упай топтогон.

Коңшу өлкөлөрдөн Сочи олимпиадасына Тажикстандан 2 спортчу, Өзбекстандан 3, Казакстандан 44 спортчу катышат. Түркмөнстандан ким катышаары азырынча белгисиз.

7-23-февралда өтө турган Cочи олимпиадасында жалпысынан 98 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандык спортчулар мындан мурда үч кышкы оюндарга катышканы менен байгелүү орундарга илинген эмес.

Сочи олимпиадасын чагылдырууга Кыргызстандан бир гана журналист баратат. Ал "Азаттыктын" баяндамачысы Кабыл Макеш. (КМа/RK)

XS
SM
MD
LG