Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Жети-Өгүз: Чек арадагы атышууда аскерлер жабыркаган жок


Жети-Өгүз районунда кыргыз-кытай чек арасында белгисиз бирөөлөр менен болгон атышууда кыргызстандык чек арачылар жабыркаган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Каракол чек ара аскер бөлүгүнүн саркери Кыялбек Төлөнбаев билдирди. Анын айтымында, ок чыгаргандар курчоого алынды.

Алдын ала маалымат боюнча, мыйзам бузгандар Кытай тараптан келген болушу ыктымал.

Бүгүн Ысык-Көл чек ара кошуунуна караштуу тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болду. Белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алган. Окуя болгон жерге келген чек арачыларга алар ок чыгарган. Атышуу учурунда эки укук бузуучу каза тапты. Азыркы тапта алар “Пикертык” жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турат.

Окуя болгон жерге Чүй чек ара кошуунунун атайын даярдыктагы чек ара тобу учуп чыгууда.(EBM/RK)

XS
SM
MD
LG