Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Чек арада ок аткандар экстремисттик топ болушу мүмкүн


Ысык-Көл облусунда кыргыз чек арачыларына ок чыгаргандар Кытайдын уйгур тектүү жарандары жана экстремисттик топтун мүчөлөрү болушу мүмкүндүгү болжолдонууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы Кудайберген Айманов билдирди. Анын айтымында, бул белгисиз топ аңчылык чарбасынын башчысын мууздап, куралын тартып алган жана чек арачылар менен атышуу учурунда экөөсү каза тапты. Алардын жалпы саны болжол менен 7-8 киши болушу мүмкүн.

Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, азыркы тапта кылмышкерлер “Пикертык” жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турат. Окуяга байланыштуу өкмөттө ыкчам штаб түзүлдү. Кыргыз чек арачылары жабыркаган жок. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG