Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Айвазовскийдин уурдалган чыгармасы табылды


Белгилүү сүрөтчү Айвазовскийдин Бишкектеги Көркөм өнөр музейинен уурдалган чыгармасы бүгүн табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек милициясынан кабарлашты. Аны белгисиз бир киши "Дело№" гезитинин редакциясына жашыруун таштап кеткен.

XIX кылымдагы орус элинин көрүнүктүү сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин "Крымдагы деңиз пейзажы" сүрөтү былтыр 27-декабрда илинип турган жеринен табылбай калган. Бул чыгарма 1866-жылы тартылып, Кыргызстанга 1955-жылы Москвадагы Третьяков галереясынан алынып келинген. (RK)

XS
SM
MD
LG