Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Жемкорлорго каршы мыйзам долбоору кайра добушка коюлду


Парламент бүгүн Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Ага ылайык, коррупцияга шектелгендер боюнча жоопко тартуу мөөнөтү чектелбейт.

Азыркы мыйзам боюнча жемкордукка шектелген жаран 10 жыл ичинде жоопкерчиликке тартылбаса, тиешелүү мөөнөт аяктаган соң андан бул айып алынат. Өткөн аптада "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай чектөөнү алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган, бирок тиешелүү добуш албай калган. Кийин добуш берүү туура эмес жүргөнүн, өзүлөрү жок болсо да алар үчүн "каршы" деген добуш берилип калганын айтып алты депутат парламенттин этика комитетине кайрылган. Жыйынтыгында комитет бул мыйзамды кайра добуш берүүгө жөнөткөн. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG