Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Милиция: Табылган сүрөт Айвазовскийге таандык


Бүгүн Бишкекте белгисиз бирөөлөр "Дело№" гезитинин редакциясына калтырып кеткен сүрөт чынында эле Иван Айвазовскийдин оригинал чыгармасы. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев билдирди:

- Сүрөттүн накта өзү экени көрүнүп турат. Кескен жери бырышып калган. Бирок аны оңдоп койсо болот.

Белгилүү сүрөтчү Айвазовскийдин Бишкектеги Көркөм өнөр музейинен уурдалган чыгармасы бүгүн табылды. Аны белгисиз бир киши "Дело№" гезитинин редакциясына жашыруун таштап кеткен.

XIX кылымдагы орус элинин көрүнүктүү сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин "Крымдагы деңиз пейзажы" сүрөтү былтыр 27-декабрда илинип турган жеринен табылбай калган. Бул чыгарма 1866-жылы тартылып, Кыргызстанга 1955-жылы Москвадагы Третьяков галереясынан алынып келинген. (RK)

XS
SM
MD
LG