Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Еврошаркет Киевге өкүлдөрүн жиберет


Евромайдандагы нааразылык акциясы. Киев, 23-январь, 2014
Евромайдандагы нааразылык акциясы. Киев, 23-январь, 2014
Украинада саясий кризис курчуп турган чакта Евробиримдик жогорку даражалуу өкүлдөрүн Киевге жибергени жатат. Еврокомиссиянын өкүлү бүгүн айткандай, эртең Киевге Евробиримдиктин Кеңейүү иштери боюнча комиссары Штефан Фүле барып, украин жетекчилиги менен сүйлөшөт. Анын жыйынтыгына жараша келерки аптада Украинага Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча өкүлү Кэтрин Эштон да барышы мүмкүн.

Кабарда айтылгандай, бүгүн эртең менен украин президенти Виктор Янукович Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө “өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо” тууралуу планы жок экенин айткан. Еврокомиссиянын расмий өкүлү Оливьер Бэйлли бүгүн Брюсселде: "Баррозу мырза Украинадагы кризисти чечиш үчүн президентти тезинен оппозиция менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө үндөдү, - деди. Эгерде кырдаал тезинен турукташпаса, Евробиримдиктин Украина менен мамилесине кесепетин тиерин эскертти.

XS
SM
MD
LG