Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Казакстан: Герасимов боюнча өкүм күчүндө калды


Александр Герасимов (ортодо) бүгүнкү соттон кийин өзүнүн адвокаттары менен турат, 23-январь, 2014
Александр Герасимов (ортодо) бүгүнкү соттон кийин өзүнүн адвокаттары менен турат, 23-январь, 2014
Костанай облустук Апелляциялык соту бүгүнкү чечими менен былтыр ноябрдагы соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Анда биринчи инстанциядагы сот Александр Герасимов деген кишини ур-токмокко алып, башына желим баштык кийгизип кыйнаган полисмендерди ага эки млн.тенге (13 миң доллар) компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген болчу. 2007-жылы полицияканада кыйноого алынганын айткан Герасимов ошондон бери ден соолугу начар экенин билдирип келген.

Алгачкы ирет Борбор Азияда Герасимовдун даттануу арызы Бирикен улуттар уюмунун Кыйноолорго каршы комитетине жиберилген. Адам укугун коргоочулар бул окуя полициядан кордук көргөн казакстандык жана борбор азиялыктарга акыйкаттык тапканга болорун айгинилеген биринчи иш болуп калды дешет.

XS
SM
MD
LG