Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

Рада кезексиз жыйында өкмөт отставкасын карашы мүмкүн


Киевдеги "Динамо" стадионунун маңдайы демонстранттар менен полиция кагылышкан жерлердин бири болуп калды, 23-январь, 2014
Киевдеги "Динамо" стадионунун маңдайы демонстранттар менен полиция кагылышкан жерлердин бири болуп калды, 23-январь, 2014
Украинада президент Виктор Янукович саясий кризисти чечиш үчүн келерки аптада парламентти кезексиз жыйынга чакырды. Януковичтин бүгүнкү буйругу өлкөдө эки айдан ашуун мезгилден берки антиөкмөттүк демонстрацияларда алгачкы адам өлүмү катталгандан кийин чыгарылды.

Парламенттин спикери Володимир Рыбак алдыда өтөрү күтүлүп жаткан чукул жыйында оппозициянын негизги талабы – өкмөттүн отставкасы тууралуу маселе – каралышы мүмкүн экенин айтты. Оппозиция президент Виктор Януковичке койгон талабында эгер президент эрте шайлоо жарыялабаса, демонстранттар “чабуулга өтүшөрүн” эскерткен. Премьер-министр Микола Азаров нааразылыкка чыккандарды мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылышты деп айыптады.

Президент Янукович бүгүн Евробиримдиктин жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө “өзгөчө кырдаал жарыялабай турганына” ишендирди. Еврокомиссия болсо саясий диалог жүргүзүү үчүн шаркеттин айрым өкүлдөрү Киевге барышарын билдирди.

XS
SM
MD
LG