Оппозиция лидерлеринин бири Арсений Яценюк президент Виктор Янукович менен бейшембидеги сүйлөшүүдөн кийин кан төгүүлөрдү токтотууга “чоң мүмкүнчүлүк” бар экенин билдирди. Оппозиция лидерлери мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялоону талап кылышкан. Янукович өз кезегинде келерки жумада парламенттин чукул сессиясы чакырыларын билдирген. Сүйлөшүүлөр учурунда тараптар активдүү аракеттерди көрбөй турууга макулдашкан. Украинанын ички иштер министри Виталий Захарченко бул жарашуу келишими аткарыла турган болсо, нааразылык акциясына катышкандарды кармоо жана камакка алуу токтотуларын билдирген. Бул арада Башкы прокуратура буга чейин кармалгандарды бошотууну соттон өтүнөрүн билдирди. (AiT)