Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Кыргыз-тажик чек арачылары Исфарада сүйлөшүү өткөрүштү


23-январда Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев тажик Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушту. Анда чек араларда абалды жеңилдетүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди аткаруу каралды. Кыргыз-тажик чек арасында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө уланууда деп билдирди Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева:

- Кырдаал азыр туруктуу. Эч кандай өзгөрүү жок. Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте чек араны кайтарууда.

Кыргыз-тажик чек арасында абал 11-январдагы куралдуу кагылышуудан кийин курчуп кеткен. (AiT)

XS
SM
MD
LG