Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Башкы чек арачы президентке маалымат берет


Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райымберди Дүйшөмбиев бүгүн президент Алмазбек Атамбаевге кыргыз-кытай чек арасындагы кечээки окуя боюнча маалымат берет. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, учурда ал жерде окуянын чоо жайын иликтеп, жок кылынгандардын ким экенин аныкташ үчүн атайын кызмат, милиция жана Балыкчы гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган топ иштеп жатат.

Кечээ кечинде Ысык-Көл облусунда атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстан чек арасына кирип келген 11 киши колго түшүп берүү талабын аткаруудан баш тарткандан кийин жок кылынган. Ага чейин алар мергенчилер бирикмесинин башчысы Александр Барыкинди өлтүрүп, анын куралын тартып алган. Кыргыз тараптан бир чек арачы жеңил жараат алган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG