Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Жалал-Абадда "хизбутчу" деп шектелгендер кармалды


Жалал-Абадда "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөсү деп шектелген үч киши кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты. Атайын операция Аксы жана Базар-Коргон райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте14-21-январда жүргүзүлгөн. Кармалгандардан экстремисттик мүнөздөгү китеп, электрондук маалыматтар табылды.  

Милициянын маалымдашынча, кармалгандардын бири Аксы району аркылуу мамлекеттик чек араны бузуп өткөн Өзбекстандын Маргелан шаарынын тургуну, калган экөө облустун Базар-Коргон жана Сузак райондорунун тургундары. Облуста “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелген 523 адам каттоодо турат. Акыркы мезгилде бул уюмдун идеяларын жайылткандар көбөйүүдө.(YA/RK)

 

XS
SM
MD
LG