Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Өкмөт: Кумтөрдү улутташтыруунун кесепети оор болот

Кумтөрдү улутташтыруунун кесепети Кыргызстан үчүн оор болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламентте Кумтөр маселесин талкуулап жаткан "Ата-Журт" фракциясынын жыйынында айтты. Өкмөт башчынын билдиргенине караганда, эгер Кыргызстан азыркы инвестордон баш тартып, Кумтөр алтын кенин иштетүүнү толугу бойдон өзүнө ала турган болсо, анда канадалык инвестор "Центерра" компаниясына 2,5-3 миллиард доллар компенсация төлөп бериши керек болуп калат.

Өкмөт Кумтөр боюнча келишим долбоорунун акыркы вариантын парламентке 21-январда алып келген. Жогорку Кеңеш "Кумтөр" ишканасындагы Кыргызстандын үлүшүн 67%га жеткирүүнү талап кылып жатат, өкмөт 50%дан жогорулатуу мүмкүн эмес деп ушуну менен үчүнчү ирээт билдирүүдө. Оппоненттер азыркы бийлик улуттук кызыкчылыкты эске албай жатат деп сындоодо. (ZB/RK)
Куржундар
​
XS
SM
MD
LG