Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Үч эмге президент акчалай жардам бөлдү


Ымыркай үч эмдин энеси Бактыгүл Молдотаева президенттик фонддон 100 миң сом жардам алат. Бул тууралуу буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

30-декабрда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө "Келечек" жаңы конушунун 30 жаштагы тургуну Бактыгүл Молдотаева төрт эм төрөгөн - эки уул, эки кыз. Бирок уулдардын бири төрөлгөнгө чейин чарчап калган. Молдотаева жолдошу куруучу болуп иштээрин, үйдө дагы эки баласы бар экенин, өз үйү жок болгондуктан батирлеп жүрүшөөрүн "Азаттыкка" айтып берген болчу.

Былтыр Бишкекте төрт үч эм жана бир төрт эм төрөлгөн.(RK)

XS
SM
MD
LG