Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Дүйшөмбиев: Чек араны бузган топ курал үчүн келген


Кыргыз-кытай чек арасын бузуп кирип келген топ чабан, мергенчилердин курал-жарагын тартып алып, кайра Кытайга жөнөп кетмек жана Кыргызстанда теракт уюштурмак. Кечээ Жети-Өгүз районунда орун алган окуя боюнча ушундай версия каралып жатканын бүгүн Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райымберди Дүйшөмбиев билдирди. Ал жакта түнкүсүн 35 градус суук болуп жатканын, жөнөкөй киши өтө албасын, жок кылынган топ атайын даярдыктан өткөн, алдына максат койгон кишилер болгонун айтты.

Чек арачылар жок кылган 11 адам, алдын ала маалымат боюнча, кыргыз-кытай чек арасынан 80 чакырым ары жайгашкан Уши шаарчасынын 25-30 жаштагы, уйгур улутундагы сепаратист тургундары болушу ыктымал экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG