Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Чубак ажы Бишкек казылыгынан кайра алынды


Чубак ажы Жалилов Бишкек шаарынын казылыгын бир күн гана башкарды. Бүгүн бул кызматтан кайра алынганын өзү билдирип, себебин муфтияттын Уставы боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалганы менен түшүндүрдү:

- Кыргызстандын муфтиятынын Уставы жазылып жатат. Мен ал боюнча комиссиянын төрагасымын. Казы болуп туруп Уставды жазсам, анда муфтийге көз каранды болуп калам да. Ошондуктан мен бул чечимге макул болдум.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов Бишкектин казысы болуп кечээ дайындалган. Бул тууралуу буйрукка муфтийдин милдетин аткаруучу Максатбек Токтомушев кол койгону кабарланган.

Чубак ажы Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгын 2010-2012-жылдары башкарып турган болчу. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG