Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Байкоочу кеңештер боюнча жыйын аяктады


Бишкекте мамлекеттик органдардын коомдук байкоочу кеңештери боюнча эл аралык жыйын аяктады. Жыйынтыгында жумушчу топ түзүлдү. Ал байкоочу кеңештердин ишин системалаштырууга көмөктөшмөкчү. Иш-чараны жыйынтыктап жатып экс-президент Роза Отунбаева байкоочу кеңештер күчтүү эксперттерге муктаж болуп жатканын айтып, ийгиликтүү жана анча жакшы болбой калган мисалдарды келтирди. Жыйында эл аралык тажрыйба тууралуу да сөз болду. Мисалы, Индиядан келген эксперт мамлекеттик органдардан суралган маалыматка 30 күн ичинде жооп берилбесе, 500 доллар айыппул төлөнөөрүн айтты.

Байкоочу кеңештер Роза Отунбаева президент болуп турганда министрликтердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Алардын курамына ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кирген. Бирок кийин алардын иши солгундап, айрым министрликтердин Байкоочу кеңештери таркап кеткен. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG