Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Согуш 140 миңден ашык ирак жаранын качырды


Ирактын Рамади шаарында кайрадан согуш тутанды. “Эркин Ирак” радиосунун кабарчысынын билдиришинче, Рамадинин түштүгүндө эки күндүк тыныгуудан кийин айыгышкан уруштар жүрүүдө. Турак үйлөргө жашырынып алган согушчандарга абадан да сокку урулууда.

Кээ бир жарандар эки октун ортосунда калып жабыр тартууда. Рамадиге коңшулаш Фаллужа шаарын ирак армиясы курчоого алган жана бул жерде атышуу токтоп, кайра уланып жатканы кабарланды. Улуттар уюмунун маалымдашынча, 30-декабрда “ал-Каида” менен байланыштагы согушчандар жана башка күчтөр Рамади менен Фаллужанын айрым бөлүктөрүн ээлегенден бери Анбар провинциясын 140 миңден ашуун адам таштап кетти.

XS
SM
MD
LG