Кытайдын түндүк батышындагы Шиңжаң уйгур автоном районундагы жардыруудан үч адам өлдү. Маалымат булактарынын жергиликтүү бийликтерге шилтеп кабарлашынча, жардыруу 24-январда бешимден кийин Аксу округундагы Синхе шаарында болду. Чачтарачканалар жайгашкан салондо жана жашылча-жемиш базарында болгон биринчи эки жардыруудан бир адам өлүп, эки киши жараат алды. Андан көп өтпөй полиция үч шектүү адамды камакка алды. Удаа эле полиция шектүү автомобилди токтоткондо, бомба жарылып, ичиндеги эки адам жайран болду.
Өткөн жумада Шиңжаң бийликтери өткөн жылкы полицияларга болгон кандуу кол салууларга байланыштуу 2014-жылы “терроризмге” каршы күрөшүүчү чыгымдар эки эсе көбөйтүлөрүн жарыя кылган. Бийликтер чабуулдарды радикал исламчылар көкүткөн уйгур жикчилери уюштурду деген ишенимде.