Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Янукович өкмөт алмашат деп сөз берди


Киевде нааразылар конушун кеңейтип, баррикада куруп, Айыл чарба министрлигин ээлеп алышты. Бирок төрт күн бою полиция күчтөрү менен кагылышуулар болгон жайда жума күнү тынч болду. Украинанын президенти Виктор Янукович парламенттин 28-январдагы чукул чакырылган сессиясында өкмөт алмашарын билдирди. Янукович жума күнү диниятчылар менен болгон кездешүүдө Киевдеги тирешүүлөр учурунда камакка алынган нааразылар бошотуларын жана митинг-жыйындарга каршы мыйзамдарга түзөтүү киргизилерин да жар салды.

Жума күнү Армениянын байтакты Ереванда Украинадагы антиөкмөттүк чыгууларды колдогон митинг өттү. Еревандагы украин элчилигинин алдына топтолгон адамдар Киевдеги кагылыштын үч курмандыгын (анын биринин теги армян) эскерип, шам жагышты. Ушундай эле жыйындар Болгарияда жана Молдовада да болду. Софияда жана Кишиневдо Украин элчилигинин алдына чогулган бир нече жүз адам плакаттарды, шамдарды жана курман болгондордун сүрөттөрүн кармап турушту.

XS
SM
MD
LG