Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Сириядагы жоолашкандар бетме-бет сүйлөшөт


Бул жөнүндө Улуттар уюмунун жана Араб Лигасынын чабарманы Лахдар Брахими жума күнү маалымдады.

Шаршемби күнү Швейцариянын Монтре шаарчасындагы эл аралык тынчтык конференциясынын ачылышында, Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү менен оппозиция өкүлдөрү ачык эле желкелешкенге барган. Өкмөттүк делегация Монтреде Асаддын режими күрөшүп жаткан терроризм маселесин талкуулансын десе, оппозиция өткөөл өкмөт түзүүнү талкуулаганы келгенбиз деп көшөргөн.

24-январда оппозициянын өкүлдөрү 2012-жылкы “Женева-1” коммюникесине ылайык, Асаддын режими өткөөл өкмөттү түзүүгө көнбөсө, өкмөттүк делегация менен сүйлөшпөсүн билдирген. Бул тууралуу Сирия улуттук коалициясынын башкатчысы Бадр Жамус жума күнү Рейтер агенттигине мындай деп билдирди:

- Биз түз эмес сүйлөшүү боюнча өз позициябызды билдирдик жана Брахимиге бул жыйынга чакырылган Сирия өкмөтүнүн делегациясы “Женева-1” коммюникесине макул болушу керек экенин айттык. Биз “Женева-2ге” “Женева-1дин” толук укуктуу өткөөл өкмөттү түзүү боюнча жобосун аткарганы келгенбиз.

БУУнун эсебине караганда, Сирияда үч жылдан бери жүрүп жаткан жарандык согушта 130 миңден ашуун адам апаат кетти.

XS
SM
MD
LG